Фоли кычкылы

Википедия дан

Фоли кычкылы (лат. folium - жалбырак), В9 витамини — аминокислоталардын алмашуусуна жана синтезине, ошондой эле нуклеин кычкылдарынын синтезине катышат, кемиктин кан пайда кылуусун күчөтөт, В12 витамининин сиңишин жакшыртат. Күнүмдүк керектөө чоң кишилерде 0,4 мг, балдарда 0,5—0,4 мг, кош бойлууларда 0,8 мг, эмчек эмизген аялдарда 0,6 мг. Фоли кислотасынын жетишсиздигинен өтө оор аз кандуулук (анемия) өөрчүйт, карын иши (карын зилинде туз кислотасы жоголот, ич катат, өтөт), сезгичтик бузулат. Негизинен жашыл жалбырактуу жашылчаларда (латынча фолиум — жалбырак дегенден), ошондой эле помидор, алма, картошка, боор, бөйрөк, ачыткыда болот. Бул витаминге салат, шпинат, петрушканын жалбырагы, капуста бай. Аны көпчүлүк өсүмдүк, бактерия жана козу карындар синтездейт. Кишинин ичеги микроорганизми жетишээрлик синтезденгенден бул витамин жетишсиздиги болбойт. Тамакты бышыруудан бузулуп, анын 70—90%и жоголот. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4