Фучик, Юлиус

Википедия дан

Фучик Юлиус (1903–43) – чех журналисти ж-а коомдук ишмер.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1912–23-ж. Прага университетинин философия факультетинде окуган.

Ишмердүүлүгу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

20-ж-дан «Руде право» газетасынын, «Творба» журналынын редактору. 1930, 1934–36-ж. СССРде болуп (Кыргызстанда 1930, 1935-ж.), «Эртеңкибиз кечээкиге айланган өлкөдө» (1932) деген китеп жана көркөм очерктер циклин жазган. Антифашист. 1941-жылдан жазган макалаларында чех элин азаттык күрөшкө үндөгөн. 1942-ж. гестапого колго түшүп, 1943-ж. Германияда өлтүрүлгөн.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Праганын Панкрац түрмөсүндө жатып каршылык көрсөтүүчүлөрдүн каармандыгы жөнүндө «Дарга асылар алдындагы сөз» деген китебин жазган. Анын ысмы м-н Бишкектеги парк аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедисы Б,2003