Фёдоров столчосу

Википедия дан

Фёдоров столчосу - полярлашуу жикроскобунун столуна бекитилген атайын түзүлүш.

Федоров ыкмасын колдонуп, кристаллдык затты шлифте изилдөөдө пайдаланылат. Төрт октуу Фёдоров столчосун Федоров E. С. түзгөн, 5-окту америкалык окумуштуу Эммонс кошкон. Фёдоров столчосу бири-бирине салыштырмалуу теодолиттик принцип боюнча айланган шакектердин системасынан турат. Бул система бир чекитте кездешкен бир нече (4, 5 же 6, анын үчөө бири бирине перпендикуляр) октун айланасында шлифти айлантып жана жантайтып изилдөөгө мүмкүндүк берет. Октун санына жараша 4, 5 же 6 октуу Фёдоров столчосу деп аталат.

Шакектердин системасынан сырткары Фёдоров столчосунун маанилүү тетиги болуп айнектен жасалган эки жарым шар эсептелет. Ал экөөнүн ортосуна шлиф жайгаштырылат (шлифтин изилденип жаткан бөлүгү айнек сферанын борборуна дал келтирилет). Бул изилдөөлөр геологияда жана минералогияда кеңири колдонулуп, кристаллдын симметриясы, кайсы класска таандыктыгы, сингониясы ж. б. аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4