Хабертиоз

Википедия дан

Хабертиоз (Chabertiosis) - кепшөөчү малдын жугуштуу ылаңы.

Strongylidae түркүмүнө кирүүчү нематодалар козгойт. Ал нематодалар (уз. 1326 мм) көбүнчө койдун жоон ичегисинде мителик кылат. Малга ылаң алиментардык жол менен (жайытта нематод личинкаларын чөп менен жутуп алганда) жугат. Ылаң менен көбүнчө козулар жаз айларында (март, апрель) ылаңдайт. Ылаң жаанчыл жылдарда күч алат. Ылаңга чалдыккан мал тез арыктайт, жүнү үрпөйөт, жыдып түшөт, анемия байкалат жана ичи өтөт. Тирүү малга диагноз коюу үчүн малдын кыгын текшерүү; өлгөн малдын жоон ичегисиндеги патанат. өзгөрүүлөр жана ал жерде мителердин болушу аркылуу коюлат. Дарылоодо фенотиазинди 1 кг салмакка 0,5 өлчөмдө күнүнө эки жолу, бир сутка өткөрүп; нилвермди 1 кг салмакка 0,02 г өлчөмдө күнүнө бир жолу берилет. Алдын алууда жайытка чыгаруу алдында (январь, февраль) козулар гельминтсиздөөдөн өткөрүлөт, жайытта фенотиазин тузга кошулуп берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4