Халс, Гальс Франс

Википедия дан

Халс, Гальс Франс (1581 же 1585–жылдын аралыгында, Антверпен – 1666, Харлем) – голланд живописчиси, реалист портретчи. Х-тын искусствосу демократтуулугу менен айырмаланат; чыгармаларында өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн голланд элинин рухий өнүгүүсүн чагылдырган. Харлем аткычтар тобунун портреттерин (1616, 1623–27, 1627, 1633, 1639, Харлем, Ф. Халс музейи) тарткан. 1620-ж. портрет, жанрдык көрүнүштөрдү жана айрым диний композицияларды да жараткан (“Инжилчи Лука”, “Инжилчи Матфей”, Одесса, Батыш жана чыгыш өнөр музейи, 1623–25). 1620–30-ж. Х. ар кандай социалдык катмардагы адамдардын галереясын (“В. ван Хейтхейзен”, 1625–36-ж. Вадуц, мамлекеттик музей; “Малле Баббе”, Сүрөт галереясы, Берлин-Далем; “Цыган аял”, Лувр, Париж; “Мулат”, Сүрөт искусство музейи, Лейпциг, баары – 1630-ж. чен) түзгөн. 1640-жылдардагы портреттеринде психологиялык мүнөздөмө тереңдеген (“Ыйык Елизавета госпиталындагы регенттер”, 1641, Ф. Халс музейи, Харлем; “Жигиттин портрети”, 1642–50, Эрмитаж, Ленинград жана башкалар). Х-тын чыгармачылыгы голланд портрет искусствосу менен жанрдык живопистин өнүгүшүнө түрткү берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]