Химиялык реакциялар

Википедия дан

Химиялык реакциялар — бир же бир нече зат тышкы таасир (температура, басым жана башкалар) же белгилүү шартта өз ара аракеттенишүүнүн натыйжасында курамын жана касиетин өзгөртүп, башка заттарга айлануу процесси. X. р. ядро реакцияларынан өз ара аракеттенишкен системада атомдор жалпы санынын жана химиялык элементтер изотоптук курамынын өзгөрбөгөндүгү менен айырмаланат. X. Р. жүрүшүндө бир зат (реагент) экинчи затка (курамы жана касиети баштапкы затка окшобогон) айланышы химиялык теңдемелер түрүндө жазылат. X. р. түрдүү белгилерине жана химиялык кайсы тармагы боюнча изилденгенине жараша классификацияланат. Мисалы, экзотермикалык, эндотермикалык, гомогендүү, гетерогендүү (хим. термодинамика), кайталанма жана кайталанбас (хим. кинетика) жана башка каталиттик реакциялар өзүнчө чоң топту түзөт. Ошондой эле реакцияга катышкан бөлүкчөсү боюнча да моно-, эки-, үч мол-лык, иондук фотохим. жана уланма реакциялар болуп бөлүнөт. Орг. эмес хим-да X. р. ага катышкан бирикмелер тибине жана өз ара аракеттенүү мүнөзүнө карата бөлүү кеңири таралган. Мисалы, ажыроо, биригүү, орун алмашуу, нейтралдашуу, окистенүү калыбына келүү реакциялары жана башка Орг. хим-да аталган реакциялардан тышкары полимерлешүү, конденсация, изомерлешүү, циклденүү реакциясы жана башка X. р. кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]