Хроматикалык аберрация

Википедия дан

Хроматикалык аберрация - сүрөттөлүштун туура эмес чагылдырылышы; оптикалык системанын тунук чөйрөнүн (мис., линзанын) сынуу көрсөткүчүнүн жарык толкун узундугуна көз каранды болушунан пайда болгон кемчилик (Жарык дисперсиясы). Андай кемчилик түрдүү түстөн турган жарык нуру линзадан өткөндөн кийин түрдүү аралыкка чогулгандыгы менен түшүндүрүлөт.

Хроматикалык аберрациянын натыйжасында сүрөттөлүш бүдөмүктөнүп жана чети боёлуп көрүнөт. Хроматикалык аберрация күзгүлүү оптикалык системаларда болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4