Хур

Википедия дан

Хур, моринхур(монгол. морин -жылкы, хур - кыл, добуш) - монголдордун эки кылдуу тартма музыкалык аспабы.

Жыгачтан жасалат. Капкагын жасоодо кээде тери колдонулат. Беренелери болбойт. Уз. 120 смге жетет. Кылдарына жылкынын жал-куйругу колдонулат. Аспаптык күүлөрдү аткарууда жана баатырдык эпикалык чыгармаларды коштоодо колдонулат.

Хур

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.