Хүсейин Нихал Атсыз
Хүсейин Нихал Атсыз (түркчө: Hüseyin Nihal Atsız) (12 январь 1905 ж., Кадыкөй - 11 декабрь 1975 ж., Стамбул), Түрк жазуучу, акын, тарыхчы жана жана ошондой эле мыкты идеологторунун бири. Ал Исламды жек көрүп, аны “Арабдар үчүн, арабдар үчүн жараткан дин” деп аныктаган. Ал кийинки жашоосунда Теңирчиликти кабыл алган.[1][2] Пантүрокизм аракетинин уланткан, өнүктүргөн улуу унутулгус пикир адамы. Өз доорунда китептери эн коп окулган жазуучсу катарында турат. Неждет Санчарын агасы. Рыза Нурдун "аклак баласы" жана мурасчысы. Түрк Бирликчи жана Туранчы деп эсептелет.
Хусейин Нихал Атсыз 12 январь 1905-жылы Түркиянын ошол убакта борбору Истанбул шаарында жарык дүйнөгө келди. Мектепте окуп жүргөндө чагында эле аябай окууга ынтызар бала болгон Атсыз, мектепти бүткөндөн кийин, аскер окуу жайынан уланатат. Түркчүлүк пикирлери менен бул аскер окуу жайында таанышат. Түркчүлүк пикиринин улуу адамдары Зияа Гөкалптын өлүмүнөн кийин Түркчүлүк каршы болгон студенттер менен урушкан. Бул окуу жайда Арап комиссарга салам бербегени үчүн бул мектептен чыгарылган.
Түркиялык Түрктөр тарабынан "Атсыз Ата", "Атсыз Кожо "," Атсыз Бек", "Гөкбилге" сыяктуу исимдер менен атты чакырылган Атсыз, 20-кылымда Түркчүлүк-Туранчылык пикирлерди колдогонуу үчүн коп кыйналды, запкы чекти. Түркия Республакасын курган МИустафа Кемал Ататүрктүн өлүмүнөн кийин жаны президент Исмет Инөнү болгон. Ал Түркчүлүк пикирине каршы чыккан. Бул доордо Хусейин Нихал Атсыз да, Инөндүн ушул аракетине каршы чыккан. Бул пикир согушунун аягында Инөнү тарабынан Сабахаттин Али деген коммунист жазуучу менен болгон соттон кийин Атсыз, түрмөгө күнөөсү жок ак жеринен кирген,ал жерден да көп азап тарткан.
Бул азаптарга жана сүргүндөргө каршы Атсыз Ата пикирлери уланткан, жашаткан. Чөйрөсүндө болгон аз сандагы Түркчү- Туранчылар менен бирге Түрк элдеринин душмандарына каршы согушкан. Көптөгөн академикалык китептерди жана журнал, романдар бул адамдын калемине таандык. Дүйнөдөгү бүтүндөй Түрктөрдүн баш жакадан баш, бир женден кол чыгаруусун, баары биригип бир түндүктүн астында жашоосун энсеген жана ошондой эле өмүрүнүн акыркы дэмине чейин ошентип жашаган Атсыз, 11 Декабрь 1975-жылы бул жарык дуйнө менен кош айтышты.
" Жолдордун аягы " деген ыр түрүндө жазылган,көптөгөн академиялык китептери, ал эми " Карышкырлардын өлүмү "," Карышкырлар Тирилет", " Рух Адам", " Тайманбас Карышкыр ", "З Витамини", " Кошоматчылар Кечееси", деген романдары жаштар жана карапайым адамдардын колунан түшпөгөн китептеринин бири болуп баарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болду.
- ↑ Cenk Saraçoğlu, Nihal Atsız's World-View and Its Influences on the Shared Symbols, Rituals, Myths and Practices of the Ülkücü Movement
- ↑ Yobazlık Bir Fikir Müstehasesidir (Hüseyin Nihal Atsiz) (Turkish) (22 -октябрь (тогуздун айы) 2007).