Цитохромдор

Википедия дан

Цитохромдор - ткандагы дем алуу процессине катышуучу татаал белок; пигмент классындагы биокатализаторлор.

Алгач шотланд илимпозу Мак-Манн гистогематин деген ат менен сыпаттап жазган (1886). Бирок англ, биохимик Д. Кейлин кайра ачканча (1925) мааниси белгисиз болгон. Анаэробдук бактериялардан башка бардык организмде кездешет. Цитохромдор митохондрия, эндоплазмалык ретикулум, хлоропласттар жана хроматофорлор менен байланышта болуп, клетканын дем алуусунда, фотосинтез ж. б. процесстерде негизги роль ойнойт. Катализ кылуучу активдүү группасы түзүлүшү жагынан гемоглобиндеги гемин тобуна окшош составында темири бар боёктуу топ (Fe - порфирин) болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.