Чаар-Кудук коргошун кени

Википедия дан

Чаар-Кудук коргошун кени Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Каракол шаарынан чыгыш тарапта, Жыргалаң жана Каркыра сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 2960–3370 м бийиктикте. Кен илгертен жергиликтүү элге белгилүү. 1953–55-жылдары чалгындалган. Кен аймагы Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон терриген катмарлары, акиташ теги жана гипстик горизонттордон түзүлгөн. Стратифицирленген руда горизонттору акиташ тектеринин арасында жатат. Руда тулкуларынын калыңдыгы 0,75–5,7 м жана алар галениттен, кальциттен, бариттен турат. Коргошундун рудадагы орточо өлчөмү 1,54–4,17%. Руданын запасы С1 жана С2 категориясы боюнча 1314,55 миң т, коргошундун баланстан тышкаркы запасы С1+С2 – 61290 т, күмүштүкү – 22,619 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]