Чаар-Таш мрамор кени

Википедия дан

Чаар-Таш мрамор кениТалас облусунда, Кендин батыш чети Кара-Буура, чыгыш чети Бакай-Ата районун аймагында, Өзгөрүш кыштагынан 10 км түндүк тарапта, Эчкилитоодо, деңиз деңгээлинен 1630–1765 м бийиктикте.

1985-ж. чалгындалган. Кен аймагын протерозойдун аягында пайда болгон карбонат-терриген чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу мрамор катмарынын узундугу 42 км, калыңдыгы 40 м, (чыгышында 500 мге жетет). Мрамор майда бүртүкчөлүү, негизинен агыш кызгыл түстө, боз темгилдүү. Жакшы сайкалданат. Блоктордун чыгышы 11,3%–14,7%, 20–30 мм калындыктагы сайкалданган такталардын чыгышы 12,9–12,8 м23. Физикалык-механикалык касиети боюнча имараттын ички жана сырткы дубалдарын кооздоп каптоого жарактуу. Ошондой эле майда күкүмүн курулушка пайдаланууга, кээ бир түрлөрүнөн кооз буюмдарды жасоого болот. Мрамордун каптама таш катары бекитилген запасы В категориясы боюнча 440 миң м3, С1–1988 миң м3 В+С1–2428 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]