Чабынды

Википедия дан

Чабынды - чөп чаап алынчу жер, чабык.

Эгилме жана табигый чабынды болуп айырмаланат. Эгилме чабындыга бир жана көп жылдык чөп айдалып, чөбү чабылат жана эгилме жайыт катары пайдаланылат. Табигый чабынды өзүнүн жер шартына, жаратылышына, тоют өсүмдүктөрүнүн түрдүүлүгүнө, сапатына жана түшүмдүүлүгүнө жараша бири-биринен айырмаланат. Табигый чабындыга чөбү узун саздак жер, шалбаа, карагай-бадал арасы, арык жана канал жээктери кирет. Шалбаа жердеги чабындыга караганда чөлдүү жана тоолуу жайыт чөбү сапаттуу жана ширелүү келет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2