Чай чөп

Википедия дан

Чай чөп (Hypericum) - өсүмдүктөрдүн чай чөптөр (же клузиялар) тукумунун уруусу.

Чөп жана бадал сымал. 300-400 түрү бар. Көбүнчө мелүүн жана субтропик алкактарда өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 50, Кыргызстанда 1 уруунун беш түрү бар. Көзөнөкчөлүү Чай чөп көп тараган. Ал - көп жылдык дары өсүмдүгү. Сабагынын бийиктиги 3080 см, жылмакай жумуру келип, эки капталы кырлуу, сабагынын уч жагы бутак, жалбырактуу. Жалбырагы карама-каршы же сабакты курчай жайгашкан. Гүлү сары, жалгыздан же чатырча топ гүлү татаал калканча же шыпыргы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү - үч уялуу, көп уруктуу чанак. Көбүнчө шалбаалуу жерлерде өсөт. Айрым түрү - отоо чөп. Көбү - дары өсүмдүгү. Кургатылган сабак, жалбырагында эфир майы (0,1%), өңдөөч зат (10%), аскорбин к-тасы (9,3-13,5 мг), каротин (55 мг%) бар. Медицинада куруштуруучу, микробго, күйүккө каршы, ошондой эле бүйлөнү бекемдөөдө, теринин ириңдүү жарасын дарылоодо пайдаланылат. Көп түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт. Дары жасоо үчүн гүлдүү, жалбырактуу сабагы жыйналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4