Чанчархан шаар чалдыбары
Чанчархан шаар чалдыбары - Х-ХII-к.таандык. Терс суусуна Чаткал суусу куйган жерде жайгашкан. Шаар чалдыбарынын аймагында көптөгөн курулуш калдыктары сакталган; казыла элек.
Фергана өрөөнүнө жана Ташкен оазисине өтүүчү сода жолунун боюнан орун алган.Түштүк - Baranı тарабынан суу, чыгышынан терең сай жана чеп менен курчалган. Калкы кол өнөрчүлүк, соода жана дыйканчылык менен кесип кылышкан.
1950-ж.А.К.Кибиров ачкан. Шаар чалдыбардын Түштүк - Чыгыш тарабында дөбөлөрүнүн диаметри 10-15м жана бийитиги 0.8-1.5 м келген 100 дөбө мүрзө жайгашкан.
Бул мүрзөлөрдү 1950-51-ж. А.К.Кибиров, 1955-ж. Ю.А Заднепровский, 1981-ж.Кожомбердиев изилдеген. Х-ХII-к. таандык тиричилик буюмдары, курал-жарак, асем буюмдар табылган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|