Чарбалык маданий типтер

Википедия дан

Чарбалык маданий типтер (ЧМТ) - теги боюнча ар кандай, бирок окшош жаратылыш шарттарында жашаган жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү болжолдуу түрдө бирдей деңгээлде турган этностор үчүн мүнөздүү болгон чарбадагы, маданияттагы салттуу комплекстер менен мүнөздөлгөн тарыхый-типологиялык жалпылыктар.

Ар түрдүү жана бири-биринен алыста жашаган этностордо салттуу чарбалык ишмердикке жана ага багынычтуу маданият комплекстеринин калыптанышы окшош жаратылыш шарттарына ыңгайлашуунун натыйжасында ишке ашкан.

ЧМТ индустрияга чейинки коомдогу адамдардын жаратылышка карата мамилесинин өзү жана чарбалык ишмердик процессинин өзү менен коомдук экономикалык структурасына камтылган. ЧМТ коомдогу үстөмдүк кылган өндүрүш (чарбалык укладдар) менен аныкталат, анткени адамдардын чөйрө менен өз ара аракеттешүүсү дал ошого байланыштуу болот. Алар калктык топтордун (этносторду же анын бөлүктөрүн) маданият механизмдери аркылуу жана чарбалык ишмердикти түрдүү деңгээлдеги жаратылыш системалары менен (планетардык, регионалдык жана локалдык) байланыштырган убакыттын өтүшү менен жана жайгашкан аймагында өнүгүп турган социалдык-маданий системалар болуп саналат.

ЧМТ башка коомдук кубулуштар сыяктуу тарыхый өнүгүүсүндө белгилүү бир баскычтарды басып өтүшөт. Ушундай өнүгүүдө ЧМТнын эмгектин улам жогорку өндүрүмдүүлүгү жана өсүп бараткан кошумча азык-түлүктүн көлөмү менен өз ара айырмаланган негизги баскычтык технологиялык топтору калыптанган. Биринчиси, эң байыркы топко чарбалык ишмердиктин ыңгайын, жыйноочулук, жарым-жартылай балыкчылык үстөмдүк кылган ыйгарым формасындагы ЧМТ кирет. Бул топко 20-к. башында төмөндөгү ЧМТ кирген: жарым отурукташкан арктикалык деңиз жаныбарларына аңчылык кылуучулар жана балыкчылар; тайганын жана тундранын кыдырып жүрүүчү жана жарым отурукташкан аңчылары менен балыкчылары; ысык алкактагы кыдырып жүрүүчү жыйноочулар менен аңчылар (пигмейлер, австралиялык аборигендер ж.б.).

Ысык алкактын токойлорундагы аңчылар менен жыйноочулар тамыры жемиш жапайы өсүмдүктөрдү тамак катары пайдаланышат, жөнөкөй жаа же үйлөмө курал менен аңчылык кылышат, убактылуу үйлөрдө (шамал тоскуч, бастырма, үңкүр же дарак башындагы чөп алачык) жашашат, кийимге жарды, бут кийим, баш кийим кийишпейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.