Чартер

Википедия дан

Чартер (англ. charter - кемени фрактоо) –

1) транспорт каражатынын ээси менен транспортту (кемени, самолётту) белгилүү мөөнөткө арендага жалдаган адамдын ортосундагы келишим;

2) мамлекет тарабынан финансы-кредиттик ишмердикке укук берген документ. Эл аралык деңиз-соода ишине да Чартердик келишим түзүлөт: анда Чартердик келишим түзгөн тараптардын аты, ижара акысы (өлчөмү), жүк жүктөлчү кеме жана жүктүн кайдан жүктөлүп, кайсы жерге же кайсы багытка жөнөтүлө тургандыгы ачык көрсөтүлөт. Көп учурда Чартердик рейсте кемени же самолёту бир же бир нече рейске жалдоо (фрактоо) кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4