Чаң (медицина)

Wikipedia дан

Чаңабада калкып жүргөн катуу заттардын бөлүкчөсү. Табигый жана жасалма, минералдык жана органикалык, өндүрүштүк жана тиричилик Чаңдары болушу мүмкүн.

Өндүрүш Чаңы көпчүлүк учурда организмге кыйла зыян келтирет. Ал канчалык майда болсо абада ошончолук көпкө чейин кармалып, дем алуу органдары аркылуу өпкөгө кирип, түрдүү оорулардын пайда болушуна себеп болот. Чаң айрыкча пневмокониоз, бронхит ооруларына чалдыктырат. Мындай оорулар узак убакыт түрдүү өндүрүш Чаңы менен дем алып иштөөдөн пайда болот. Адам дем алган Чаңдын составына жараша пневмокониоз бир нече түргө бөлүнөт. Мисалы, кварц Чаңынан — силикоз, көмүр Чаңынан — антракоз, темирдүү Чаңдан — сидерос пайда болот. Мындай ооруларды болтурбоо үчүн абанын чаңдашына каршы күрөшүүнүн түрдүү ыкмалары жүргүзүлөт. Ал үчүн өндүрүштү механикалаштыруу жана автоматташтыруу, желдетүү, жабдууларды бекем жабуу жана башкалар колдонулат. Өзгөчө жеке коргонуу каражаттарын (респираторлор) туура колдонуу чоң мааниге ээ.


Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8