Чеге гүлдүүлөр

Википедия дан

Чеге гүлдүүлөр (Caryophyllaccae) - өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын тукуму.

Бир же көп жылдык чөп. Тамыры тик ылдый же сойлоп өскөн боочодой. Сабагы төшөлүп же тик өйдө өсөт. Жалбырагынын жээги тегиз, сабакка тушташ жайгашкан. Гүлдөрү шыпыргыдай, калемчедей, жаачадай топ гүлгө чогулган, кээде гүлү жалгыздан. Алар 4 же 5 үлүштүү. Чөйчөкчөсү түтүкчөдөй, кээде 4, 5 бөлүктүү. Мөмөсү - чокусунан ачылуучу, томолок же куйгучтай кутуча. Чеге гүлдүүлөрдүн 80 урууга кирген 2100 түрү негизинен Түндүк Жарым шардын мелүүн алкагында, КМШ өлкөлөрүндө 40 уруунун 670тей түрү, Кыргызстанда 24 урууга кирген 110дон ашуун түрү кездешет. Алар ойдуңдан тартып мөңгү этегине чейинки таштак, кумдак, аска-зоолуу, эшилме шагылдуу, нымдуу, беттерде, шалбаа, боздоң, огороддо, мал сарайга жакын жерде өсөт.. Анын самындуу тамыры жүн, жибек кездемелерди жууш үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4