Челпек көрүстөнү

Википедия дан

Челпек көрүстөнү – б.з.ч. 6–3-кылым сак урууларынан калган мүрзөлөр.

Пржевальск шаарынан 2 км түштүк-батыш тараптагы Челпек айылынан орун алган. Миңге жакын дөбө мүрзөдөн турат.

1976-жылы коло буюмдар, үстөл жана казандар табылган. Үстөлдүн буттары аялдын бедизи түрүндө жасалган. Казанактардын биринде 2 топоздун сөөгү сакталган.

Адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
Кыргыз Совет энциклопедиясы. Фрунзе, 1980. 373-б.
Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы. Фрунзе, 1990. 194-б.