Чернышёв Евгений Фёдорович

Википедия дан

Чернышёв Евгений Фёдорович (26.4.1929ж. т., Өзбекстан, Кокон шаары) - Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966).

Кыргыз ССРинин эмгеги сиңирген куруучусу (1962). Эмгек жолун 1943-ж. Кыргыз ССРинин Кызыл-Кыя кен башкармасында жыгач устачылыктан баштаган. 1953-ж. курулуш башкармасында бригадир. Анын бригадасы жети жылдык (1959-66) план тапшырмаларын 150%кеорундаткан. 1960-ж. Чернышёвдун бригадасына «Коммунисттик эмгектин бригадасы» деген ардактуу наам ыйгарылган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

1979-84-жылы СССР Жогорку Советинин депутаты[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  1. Список депутатов Верховного Совета СССР X созыва