Чет өлкөлүк инвесторлор

Википедия дан

Чет өлкөлүк инвесторлор - деп төмөнкүлөр эсептелинет:

  • туруктуу жашаган жериндеги өлкөдө экономикалык иш жүргүзүү үчүн катталган шартта чет өлкөнүн жараны же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө туруктуу жашаган жери болгон жараны же чет өлкөдө туруктуу жашаган жарандыгы жок адам болуп эсептелишкен адамдар;
  • чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган; же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулган жана чет мамлекеттин аймагында юридикалык адреси же негизги иши болгон юридикалык жактар;

же чет өлкөлөр катышкан, б.а. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишканалар, о. э.:

  • а) толугу менен бир же бир нече чет өлкөлүк адамдарга, юридикалык жактарга таандык болгон;
  • б) жазуу жүзүндөгү келишим, акциялардын көпчүлүгүн сатуу укуктары, аткаруучу же байкоочу органдардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн дайындоо укуктары аркылуу бир же бир нече чет өлкөлүк адамдар, юридикалык жактар тарабынан контролдонуучу жана башкарылуучу;
  • в) жыйырма проценттен кем болбогон уставдык капитал чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөдө туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдардын же ушул статьяда жогоруда айтылып өткөн юридикалык жактардын менчигинде турган ишканалар; экономикалык иш жүргүзгөн чет мамлекет же анын администрациялык-аймактык бирдиги;

эл аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн юридикалык жак.

Эреже катары, эл аралык практикада, жогоруда айтылгандардын соңку экөө чет өлкелүк түз инвесторлор катары чыгышпайт, донордук жардам көрсөтүүчү өлкөлөр жана уюмдар (Бүткүлдүйнөлүк банк, Азия өнүгүү банкы, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы, Япония, Германия ж. б. с. бир тараптуу жана көп тараптуу донорлор) болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9