Чийне

Википедия дан

Чийнечөп, саман ж. б. ташууда колдонулуучу айыл чарба шайманы.

Жоондугу 10-15 см, уз. 3-4 м эки жыгачтын ичке башы муунакталып, жип байланат да, токумдун үстүнө арта салынат. Анын үстүнөн аркан менен чытырата тартылып, унаанын белине эки-үч ирет оролуп бекемделет. Чийненин эки жаагына туурасынан 56 жыгач бекитилет. Чөп, саман ж. б. жүк жүктөлөт. Чийне жеңил сүйрөлүп, жүк көп батышы үчүн, анын жерге сүйрөлүүчү башын шылый чаап, жүк шыпырылбас үчүн алардын үстүнө 1 мче тикесинен таяк орнотулуп, туура жыгач менен бекитилет. Араба, трактор, машина жүрүүгө мүмкүн болбогон тоолуу аймактарда Чийне азыр да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4