Чичерин мурутчаны

Википедия дан

Чичерин мурутчаны (Prionus (Pogonartron) tschitscherini), (Semenov, 1889) - Республиканын фаунасында беш түрү менен белгилүү байыркы түркүмгө кирет , эстетикалык, зоогеографиялык жана генофондду сактоо аспектилери боюнча илимий мааниги ээ.

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Узундугу 15,5–18,5 мм келген орточо коңуз, денеси чоң томпок, түсү ачык-күрөңдөн көмүрдөй карага чейин, билинер-билинбес күрөң темгилдүү. Көздөрү чоң, тостойгон жана жакшы өнүккөн. Алдынкы аркасынын туурасынан кеткен капталынын четтеринде майда тишчелери бар. Үстүнкү канаттары ийнинен баштап акырындык менен ичкерип, чокусуна жеткенде тегеректелген, ар бири үчтөн анча жетилбеген кабыргалар менен жабдылган. Канаттары жакшы өнүккөн, учпаганда толугу менен үстүнкү канаттардын алдында бүктөлүп жатат. Эркектеринин мурутчалары узун келип 22–24 муундуу, үстүнкү канаттарынын акыркы бөлүгүнө чейин жетет, бешинчи муундан баштап тыкыс жана узун тиштүү тарак сымал. Ургачысы белгисиз, сырткы кебетеси эркегиненен айырмаланат жана учпайт болуш керек.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн ареалы толугу менен Кыргызстандын чегинде жайгашкан. Фергана өрөөнүнүн тоо этектерин жана Кичи-Алай, Фергана, Чаткал тоо кыркаларынын жапыз тоолорун камтыйт .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түр бадалдуу сейрек токойлордо , талаа тилкелеринде , көбүнчө деңиз деңгээлинен 600–1100 м бийиктикте бузулган аскалардын киши тийбеген жер кыртышынын өсүмдүктүү жана таштуу калдыктар менен көтөрүлгөн жерлеринде жашайт.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өтө аз. Маршруттук каттоолордо таштардын алдында, аскалардын кычыктарында өтө сейрек кездешкен коңуз.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толук изилденген эмес. Өнүгүүсү бир жылдан ашык болушу мүмкүн. Личинкалары шыбактардын тамырлары менен азыктанышат . Учуусу майдын аягынан августун аягына чейин созулат. Эркектери күндүз жерде коңулдарда жашынып жатышат, күүгүмдөн баштап саат 22–23кө чейин учушат. Ургаачыларын тиричилиги эмгиче белгисиз, балким учушпайт.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн ареалынын кыскарышын себептери тоо этегиндеги жерлерди өздөштүрүү. Өсүмдүктөр менен жер кыртышынын бузулушу, жайыттарды күчөтүү жана пестициддерди пайдалануу. Личинкалары курт-кумурскалар менен тамактануучу омурткалуу жаныбарлардын азыгы. ==Көбөйтүү (колдо багуу)==Колго багуу жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы убакта Кыргызстанда корголбойт. Түрдү Өзбекстандын Кызыл китебине киргизүүгө аракет жасалган .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мүмкүнчүлүктүн болушунча жердеген жерлерин алгачкы абалында сактоо. Табылган жерлери – Ташкөмүр шаарынын жана Араван айлынын тегерегинде мал жайыттарын кыскартуу, өсүмдүктөргө басым жасоону азайтуу зарыл. Түрдүн фенологиясын жана ургачысынын тиричилик мүнөзүн аныктоо талапка ылайык.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

II категория (VU B2ab(iii)). Чарбачылык зоналарында чачыранды жашаган, ареалы тар, сейрек кездешүүчү түр .

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]