Чопиев, Эсенгул

Википедия дан

(УРМАТБЕК)

Акын Эсенгул Чопиев Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында 1937-жылы 27-июнда туулган. 1956-жылы Кемин районунун Карл Маркс орто мектебин, 1961-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1961–1967-жж. республиканын Алай, Аламедин жана Кемин райондорунун орто мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1967-жылдан Кемин райондук «Эмгек жарчысы» гезитинин редакциясында адабий кызматкер, бөлүм башчы, 1975-жылдан жооптуу катчы болуп эмгектенген.
Чыгармаларын 1958-жылдан баштап жарыялай баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Жаштык учкуну» деген ат менен 1969-жылы басы-лып чыккан. Негизинен сатира жанрында эмгектенип, тамсил, юмор, интермедия, пародияларды жазган.
1985-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жаштык учкуну: Ырлар.– Ф.: Кыргызстан, 1969. – 48 б.

Тамсилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 52 б.

Чыйрыктырмалар: Сатиралык ырлар.– Ф.: Кыргызстан, 1980. – 84 б.

Дарылоо: Сатиралык ырлар, эпитафиялар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 68 б.

Күндөрүм: Ырлар жана поэма.– Ф.: Мектеп, 1984. – 48 б.

Мен ырдайм: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 96 б.

Өмүр сапары: Ырлар жана поэмалар.– Ф.: Адабият, 1990. – 71 б.