Чопоева Кимсан
Чопоева Кимсан 1941-жылдын октябрь айында Кытай Эл Республикасынын Кулжа шаарына караштуу Нылкы аймагында туулган.
- 1955-жылы “Чолпон” атындагы толук эмес орто мектепте 5-классты казак тилинде араб альфавитинде окуп бүтүргөн.
- 1955-жылы Кыргызстанга көчүп келип, 1956-жылы Багыш орто мектебине8-класскакирип 1959-жылымектепти,ошолэле жылы Фрунзе шаарындагы Кыз-келиндер институтунун математика бөлүмүнө тапшырып 1965-жылы аяктайт.
- 1965-1967-жылдары Дзержинский атындагы мектепте математика мугалими,
- 1967-1968-жылдары Макаренко атындагы орто мектебинде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары,
- 1968-1969-жылдары Абдукаимов атындагы орто мектепте директордун орун басары,
- 1970-жылдан 1997-жылга чейин 27 жыл Абдукаимов атындагы орто мектептин директору болуп иштеген.
- 1996-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
- Ошону менен катар коомдук иштерге активтүү катышып келген.
- 1957, 1959-жылдары эки жолу өздүк көркөм чыгармачылыгы боюнча Республикалык конкурстун жеңүүчүсү болгон.
- 1976-жылы Эл агартуунун 5-сьездинин, 1991, 1996-жылдардагы Кыргызстан элдик курултайына делегат болуп катышкан.
- “Эл агартуунун отличниги” Айыл кеңешинин бир канча жолку депутаты.
Көптөгөн сыйлыктардын ээси. 1 уул 2 кыздын энеси.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3