Чоро

Википедия дан

Чоро (иранча чухра — жан жигит, жолдош) — эпикалык баатырдын жакын жолдошу. Ойрот-калмак мифологиясында көптүк түрдө Чорос, цорос деген дербет жана жунгар княздарынын байыркы ата-бабалары катары айтылат. Ойротчо — ңор, ортоңку кыпчак тилинде — чора, шора. Чоро — баатыр деген маанини билдирген. Чыгыш теги боюнча байыркы түрктөрдөн титул болуп эсептелген чур (чор), (чура) чора деген сөзүнө барып такалат. Чур (чор), (чура) чора сөзү байыркы убактарда байыркы перс тилинен түрк тилине кабыл алынганы, алгач байыркы перс тилинде "жоокер", "баатыр" деген түшүнүккө ээ экендиги, бирок кийин байыркы түрк тилинде титул катары (кан менен бектин ортосундагы) мансаптык даражаны билдиргени маалым. Чур (чор), (чура) чора титулунун негизинде ошол байыркы түрк доорунан баштап эле көптөгөн адам аттары пайда болуп колдонулуп келген. Буга байыркы түрк руникалык жазмаларында учураган Агуш Чур, Бег чур, Ил чур, Чур өңдүү ысымдар күбө.

Чоро ысымы бир гана "Манас" эпосунда кездешпестен, башка түрк элдеринин фольклордук чыгармаларында, ошондой эле реалдуу антропонимдер системасында ушул мезгилге чейин колдонулуудан калбай сакталып келе жатат. Мисалы, кырым татарларында, башкырларында, каракалпактарда, ногойлордо, кыргыздарда "Шора (Чоро)" деген баатырдык поэма бар. Ал эми башкырларда, татарларда Чура, казактарда Шоро (Шора), калмактарда Шора деген ысымдар реалдуу адам аты катары азыр да колдонулат. Эпостук чыгармаларда негизги баатырдын согуштук иштерге бирге катышып, таяныч, жөлөк болгон эң жакын жоокери катары белгиленет. Ошондой эле кандын сарай сакчылары, ишенимдүү жоокерлери да Чоро деп аталган. Бул кызматка жогорку катмарлардын балдары гана алынган. "Манас" эпосунда Манастын кырк Чоросунун көпчүлүгүнүн аталары да кандар болгону сүрөттөлөт.

Чоро термини кыргыз элинин оозеки поэтикалык чыгармаларынын ичинен "Манаста" гана салттуу түрдө туруктуу айтылат. Бул термин эпикалык чыгармалар үчүн гана мүнөздүү. Кыргыздын башка баатырдык кенже эпосторунда Ч термини салттык түрдө учурабастан, негизинен ага синонимдик маанидеги "жигит", "жоро", "жөкөр" деген термин аркылуу берилет. Ошону менен бирге Чоро кыргыз элинин тарыхында социалдык термин катарында да колдонулгандыгын белгилөө зарыл.

Чоро термини түрк тилдүү элдерде орто кылымда кеңири колдонулган. Мисалы, 11-кылымда жазылган Ж. Баласагундун "Кутадгу билигинде" Чоро "Чагры-бек" түрүндө учурайт. Анда "Чагрыбек" ордо титулу, "чин" деген мааниде түшүндүрмө берилген. Ал эми түрк, моңгол элдериндеги алгачкы мамлекеттик биригүү "ордо" деген элдик термин менен аталган. Ошондуктан, Чоро титулу мамлекеттик бирикме менен да байланыштуу. Өзбек акыны Мухаммед Солихтин 15-кылымда жазылган "Шайбани-Наме" аттуу тарыхый поэмасында "ички" деген термин менен катар "чухра" деген термин да учурайт. В. В. Бартольд 17-кылымдагы өзбек кандарынын сарай кызматкерлеринин титулдук наамдары менен мансап абалдарын талдап, башка терминдер менен катар "кырк-чохре", "көп-чохре", "чехре-агасы" деген терминдерди да келтирет.Чоро Валиханов"азаматтар", "Чоролор" деген сөздөр казактын байыркы поэмаларында көп учурагандыгын белгилеп, Чоро — азамат дегеи сөздүн синоними, бирок бул сөз бир аз эркин болуп, мурун азамат деген кошулбастан эле жеке өзүнчө колдонулган. Чоро-азамат — нукура жоокердик сөз жана аны орусча: товарищ, дружина деп которууга мүмкүн, — деп жазган. "Манас" эпосунда Чоро термини өзүнүн мааниси боюнча моңголдун "нөкөр" ("жөкөр") арабдын "везир" ("увазир") деген терминдери менен бирдей милдетти аткарат. Ошондуктан эпосто "Чоро", "нөкөр", "жөкөр" терминдери өтө жыш учурайт. Демек, Б. Я. Владимирцовдун белгилүү жобосу менен караганда Чоролор (вассалдык уруу башчылары) кыргыз уруулары өзүнчө эл болуп биригүү процессинде маанилүү роль ойногон деп эсептөөгө болот. Чоро тарыхый термини Караханийлердин мезгилинде кыргыз элинин түзүлүү процессинин ургаалдуу жүрүү учурундагы биригүү тенденциясын туюндургандыгын белгилүү өлчөмдө аныктап турат. "Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска" деген ылакап да ушул Чоролорго байланыштуу келип чыккан. Чоро жөнүндө эпостон төмөнкүдөй көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. "Аты Чоро дебесең, Семетейден кем эмес", "Үйдө жүрсөң бир Чоро, жоого чыксаң миң Чоро", "Төрөсүнөн Чоросу эр", "күн тийген жердин Чоросу" жана башкалар ушундай сыяктуу Манастын кырк Чоросу төмөнкү саптарда өтө таасын сүрөттөлгөн.

Ал Чоронун ичинде,

Найзакерден кабылан,

Ыктуу Чоро дагы бар.

Акылга чечен иш билги

Мыкты Чоро дагы бар.

Ай балтаны чабуучу

Баатыр Чоро дагы бар.

Бир сырын киши билбеген

Капыр Чоро дагы бар.

"Туйт" деген жакка басуучу

Жаман Чоро дагы бар.

Түрсүлдөп сөздү билбеген

Наадан Чоро дагы бар.

Кеп сүйлөбөс, тил айтпас

Чоркок Чоро дагы бар.

Түндө эшикке чыга албас

Коркок Чоро дагы бар.

Акыл-айла көп билген

Аалым Чоро дагы бар.

Артын бузуп жөн жүрбөс

Залим Чоро дагы бар.

Далайынан иш билген

Тунук Чоро дагы бар.

Майда ушакты жүргүзгөн,

Бузук Чоро дагы бар

(Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 330), Кара Кырк Чоро

Чоро — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, найман уруусунан чыккан баатыр, Манастын душмандарга каршы алгачкы күрөшүндө жардамга келген баатырлардан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4