Чоңдөбө көрүстөнү

Википедия дан

Чоңдөбө көрүстөнү – 1–9-кылымга таандык археологиялык эстелик. Соңкөлдүн чыгыш тарабындагы жайыкта жайгашкан. Көрүстөндөрдү бойлой түштүктөн түндүктү карай 2 км аралыкка созулган чоң дөбөлөр жайгашкандыктан аймактын аты Чоңдөбө аталып калган. Жергиликтүү эл аны Желедөбө деп да аташат. Чоң дөбөлөрдүн бийиктиги 4–7 м, туурасы 45 мге жакын. Чоң көрүстөндөрдүн бийиктиги 20–30 см, диаметри 5–8 м келген таш, топурак аралашмасынан үйүлгөн майда көрүстөндөр жана маркумду эскерүү аземине байланышкан , диний ырымдарга арналган таштан курулган эстеликтер курчап турат. Түндүк-батыш тарабында кырынан тизилген төрт бурчтуу таш коргондор жайланышып, орто жана чет жакаларына кишинин келбети түшүрүлгөн таш балбалдар орун алган. 1–5-кылымга таандык катакомба тибиндеги көрүстөндөр жана 6–9-кылымга тиешелүү ээр токумдуу ат менен коюлган маркумдун жайы ачылган. Ийиктин башы, шурулар, жаа жебелери, канжар, жыгач табак, курмандык чалуу аземине байланышкан сүйрү формадагы жыгачтан жасалган стол табылган. Чоңдөбө көрүстөнү А. К. Кибиров, Я. А. Шер, Кыргыз тарыхчылар жамааты жана түрк тарых куруму тарабынан изилденген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.