Чоң Бурган

Википедия дан

Чоң Бурган - нефтинин дүйнөдөгү 3 ири кендеринин (Бурган, Ахмади, Магва) тобу.

Кувейттин түштүгүндөгү чөлдө жайгашкан. 1938-ж. бери нефть өндүрүлөт. Перс булуңу нефть-газ бассейнине кирет. Кендин таралуу аянты 308 км2, жайгашуу тереңдиги 1,1-1,6 км. Алгачкы запасы 9,1 млрд г, тыгыздыгы 0,86-0,87 г/см:К Курамында 1-2% күкүрт бар. Бургулоо көзөнөгүнөн суткасына 200-1400 г нефть алынат. Сордуруу механизмисиз эле, нефть фонтан түрүндө жер бетине атылып чыгат. Кендин жанында Кувейт. ш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4