Чоң Курил жалчасы

Википедия дан

Чоң Курил жалчасы - Тынч океандагы жанар тоодон пайда болгон Курил аралдарынын (РФ, Сахалин обл.) негизги тобу.

Түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 1200 кмге созулат. Жалпы аянты 10,1 миң км2, анын басымдуу бөлүгү тоолуу. Эң бийик жери - Алаид жанартоосу (бийиктиги 2339 лг). Крузенштерн жана Буссоль кысыктары 3 топко бөлөт: түндүк (Шумшу, Атласов, Парамушир, Анциферов, Маканруши, Авось, Онекотан, Харимкотан, Чиринкотан, Экарма, Шиашкотан, Тузак), ортонку (Райкоке, Матуа, Расшуа; аралдар тобу - Ортонку, Ушишир, Кетой, Симушир) жана түштүк (Броутон, Кара достор, Уруп, Итуруп жана Кунашир) жалчалары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4