Чумиза

Википедия дан

Чумиза (Setaria italiea ssp. maxima) - дан өсүмдүктөр тукумунун кылкандуулар уруусундагы бир жылдык эгилме өсүмдүк, Чумизанын сабагы түз, жумуру, бийиктиги 25 слгден 2-мге чейин.

Жалбырагы жазы. Тасмадай. Ton гүлү машак сымал. Мөмөсү - тоголок, сүйрү данча. Кургакчыл, жылуу жерде жакшы өсөт. Эрте, маалында жана кеч бышуучу сорттору бар. КМШ өлкөлөрүнөн Беларусия, Украинада, Орто Азия республикасында, Казакстанда эгин жана тоют катары эгилет. Тоют үчүн жер буурчак, беде ж. б. чанактуу өсүмдүктөр менен аралаш айдалат. Чөбү 8-10 см бийик өскөндө чабылат. Гектарынан 250-300 дден көк чөп, 15-30 цден дан алынат. 100 кг көк чөбүндө 67,5 тоют бирдиги, 3,4 кг синимдүү белок, 100 кг кургак чөбүндө 55,1 тоют бирдиги, 3,4 кг сиңимдүү белок болот. Жакшы силостолот. Даны - малдын бардык түрү, үй куштары үчүн баалуу тоют.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4