Чуркоо

Википедия дан
Чуркоо

Чуркоо — жеңил атлетикалык көнүгүүлөрдүн бир түрү.

Парктагы чуркоо

Байыркы Грецияда кеңири белгилүү болгон. Биздин күндөргө чейин жеткен таштагы жазууда мындай деген: «Күчтүү болгуң келсе — чурка, сулуу болгуң келсе — чурка, акылдуу болгуң келсе — чурка». Ар кандай шартта — үйдө, стадиондо, токойдо чуркаса болот. Үйдө Чуркоо үчүн полго килемче салып, терезени чоң ачып коюу керек. Тизени өйдө көтөрүп, терең дем алып, бир орунда 3— 6 мин. Чуркоо муундарды, байламталарды чыңдайт, көчөдө чуркаганга мүмкүнчүлүк берет. Көнүмүш басыкты ылдамдатканда өзүнөн-өзү Чуркоого өтөт. Чуркаганда колду чыканактан бүгүп, алга, артка кыймыл жасап, тизени өтө жогору көтөрбөй, жерге буттун учун, анан таманды коюу керек. Жашына жана жынысына карабастан каалаган убакытта жеке же топтошуп чуркаса болот. Ал үчүн жабдык же атайын спорт курулмасы керектелбейт. Кан тамырдын согуусу боюнча ар ким өз абалын текшере алат. Чуркоону баштоо алдында врачка кеңешүү зарыл. Спорттук костюм жана жылуу байпак менен бутка чак же бир номерге чоң тапочка (кеда) кийип Чуркоо сунуш кылынат. Чуркоочу жер (токой арасы, ээн жер, парк, сквер, тынч көчө) ыңтайлуу болгону жакшы. Шашылбай көбүрөөк басып, чуркоого өтүп жана тескерисинче да айкалыштырган дурус. Канча аралычка жана кандай мөөнөткө Чуркоо керек экендигин так айтууга болбойт. Ал ошол адамдын жаш өзгөчөлүгүнө, ден соолугуна жараша болот. Демейде жумасына 3—5 жолу чуркоо сунуш кылынат. Мөөнөтү 15— 20 мин. Чуркоо иштиктүү, дени сак болууга көмөктөшөт.[1]


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Кантип баштоого болот?. Текшерилген күнү 9 -декабрь (бештин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 24 -ноябрь (жетинин айы) 2020.