Чыгармачылык өнөркана

Википедия дан

Чыгармачылык өнөркана — чыгармачыл адамдын чыгарма жазуу, иштөө методдору, ой жүгүртүү, турмушту эстетикалык кабылдоо боюнча өзүнө таандык сырлары, чыгармачылыктын жалпы закондоруна карата мамилеси. Ч. Айтматовдун чыгармачылык өнөрканасын изилдөө менен, биз, ал студент кезинде эле айрым чыгармаларды (Т. Сыдыкбековдун «Тоо арасында», В. Катаевдин «Полктун уулу») көтөрүп жүргөнүн, «Саманчынын жолу» повестин бир нече варианттарда жазганын жана башка билебиз. Жазуучунун чыгармачылык өнөрканасын, лабораториясын билүү адабият таануунун негизги маселелеринен болуу менен, жазуучуну түшүнүүдө чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]