Чыгыштагы демократиялаштыруу өзгөчөлүктөрү

Википедия дан

Чыгыштагы демократиялаштыруу өзгөчөлүктөрү - демократиялык институттарды түзүү үчүн зарыл шарт катары 60-жж. көптөгөн саясат таануучулар социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жогорку деңгээлин жана жыргалчылыктын кайсы бир «босогосунун» болушун эсептешкен.

Бирок, кийинчерээк бул көз карашты өтө эле детерминисттик деп эсептешип, экономикалык өнүгүш деңгээли менен демократиянын ортосунда түз байланыш болбойт деген жыйынтыкка келишкен. С.Хантингтондун ою боюнча экономикалык- өнүгүштүн жетишпеген босогосу демократияга өтө ала турган өлкөлөрдү көрсөтүүгө мүмкүндүк берет; экономикалык өнүгүү натыйжасында алар «транзиттик зонага» (же тандоо зонасына) туш келиши мүмкүн, ал жерде башкаруунун салттык түрлөрүн колдоо улам барган сайын кыйындай берет. Экономикалык өнүгүш маданиятты демократияга ылайык болгудай кылып өзгөртүшү ыктымал. Экономиканын өсүшү мусулман, будда, православ жана конфуциандык коомдорго таасир тийгизиши керек.

Демократияга өтүүнүн маанилүү шарты катары батыш саясатчылары экономиканы деңентралдаштыруу (экономикадагы мамлекеттин баркынын төмөндөшүн), базар мамилелерин колдоо деп эсептешет.

Демократияга өтүү теориясындагы бир топ маанилүү маселе «социалдык жана маданий плюрализм» сыяктуу себепке ыйгарылат. Өзгөчө маани «ортоңку таптын», ошондой эле ишкерлер катмарынын (бизнес катмарга) түзүлүшүнө жана өсүшүнө берилет.

Социомаданий плюрализм саясат тануучулар тарабынан ар кандай бааланат. Коомдогу ар түрдүү субмаданияттар менен этностук, диний жана аймактык топтордун болушу сепаратисттик көз караштардын күчөшүнө алып келиши жана демократияга өтүүгө тоскоол болушу ыктымал.

Маданият менен демократия ортосундагы маселе өтө эле курч турат. Бул жерде эки маселе бар. Биринчиси, демократияны өнүктүрүүдө батыш маданияты гана негиз болуп бере алат деген тезистен келип чыгат. Экинчиси, демократияга каршы бир же эки гана маданият бар деп болжолдойт. Ушул учурда конфуциандык менен исламга көбүрөөк кайрылышат. Бирок, экономикалык тез өнүгүү көп кылымдык маданий каада-салттарды жокко чыгарат. Экономикалык жүрүш менен азиаттык маданиятын өз ара катышы демократиянын өзгөчө азиаттык түрүн пайда кылат. Мунун үлгүсү катары Жапонияны көрсөтүүгө болот, андагы демократиялык саясий тутумдун үлгүсү батыш демократиясынын конфуциандык баалуулуктарга ыңгайлашуусунун айкын мисалы. Бул үлгү акырындык менен Чыгыш Азиянын бардык өлкөлөрүнө таралып баратат, андагы бекемделип бараткан демократиялык институттар өзгөрүүнүн жана атаандашуунун батыш негиздерине эмес, тил табышуу менен туруктуулуктун конфуциандык баалуулуктарына негизделген. Ошентип, кайсы гана болбосун чоң жана маанилүү маданиятта демократия менен келише турган баалуулуктар жана ойлор ар качан да болсо табылат деп жыйынтык чыгарууга болот.

Балким, качандыр бир учурда саясатчылар ислам же славян (православиеге негизделген) демократиясынын өзгөчө үлгүсү жөнүндө айтып чыгышаар. Өзгөчө көңүлдү демократияга өтүүнү башкара турган кыймылдаткыч күчтөргө бөлүү керек. Демократиялык бийликтер элдик кыймылдардын негизинде аз пайда болоору, алар элиталардын ишмердигинин жыйынтыгы экендиги белгилүү.

Демократиялаштыруу жолдоруна жараша, революциялык же эволюциялык саясий аренага элиталардын ар кандай топтору чыга келет. Революциялык өтүү учурунда эски бийликтин учурунда башкарууга катышпаган элиталардын ортосундагы келишим жана макулдук талап кылынат. Эволюциялык жолдо өзгөртүүлөр демилгесин бийликтин иштеп жаткан башкаруучу элитасы (радикалдык бөлүгү) колуна алат. Өтүү жүрүшү «жогортон» болгон реформа катары каралат; экинчи даражадагы маани «төмөнтөн», көпчүлүк тараптан басым керек экендиги моюнга алынса да, көпчүлүк элдик кыймылдарга берилет.

Жогорудагы саналып өтүлгөн шарттар Борбордук Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында да демократияга өтүүгө түрткү болуп берүүсү ыктымал. Бул жүрүштөгү өзгөчө маанини тарыхый өзгөрүштөгү мүмкүн варианттардын түрүн жана мазмунун көп жагынан аныктай турган социомаданий себептер ойнойт. Социомаданий себептин өзгөчөлүгүн түшүнүү үчүн коом кандай каада-салттар менен калыптанганын эске алуу маанилүү.

Өзгөрүү жүрүшүндөгү каада-салт Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коомдук турмушундагы өзгөчө жөнгө салгычтардан болуп кала бермекчи. Улам барган сайын мусулман каада-салтынын мааниси, саясий турмуштагы исламдын мааниси жогорулоодо. Дин маданиятка жана адамдардын менталитетин калыптандыруу менен алардын жүрүш-турушуна катуу таасир этүүдө.

Ал демократияга өтүүгө тоскоол болушу да, ошондой эле жардам бериши да мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8