Чыгыш адабиятынан келген дастандар

Википедия дан

Чыгыш адабиятынан келген дастандар – тектеш түрк элдеринин адабиятынын, анын ичинде кыргыз адабиятынын тарыхында, элдик оозеки чыгармачылыктын, маданиятынын өнүгүшүнө кандайдыр бир деңгээлде таасирин айтпай коюуга болбойт. Орто кылымда доорунан баштап 18-кылым чейинки тарыхый, маданий, экономикалык жакындыктын негизинде өзбек, азербайжан, түркмөн элдик жана китептик классикалык поэзиясы менен тажик, иран, араб китептик классикалык поэзиясынын жалпылыктары пайда болгон. Узак мезгилди камтыган бул процессс чыгармачылык ишмердиктин натыйжасында урпактан урпакка, элден элге жетип, кайсы элде айтылса ошол элдин улуттук поэзиясынын салттык өзгөчөлүгүн өз боюна сиңирип жүрүп отурган.

Ашыктык, баатырдык, турмуштук, диний сыпаттагы чыгыш поэзиясынан келген дастандар Орто Азия элдерине дастан, кысса, хикая деген ат менен тараган. Булар негизинен 19-к. акыры 20-к. башында Уфа, Казан, Оренбург шаарларында басылып чыккан. Араб, фарсы жана Орто Азиядагы түрк элдеринин тилинде жарык көргөн. Китептин саны аз болгондуктан, алгач кат тааныган сабаттуу адамдар окуп, алар аркылуу элге тарап, оозеки түрдө жашай баштайт. Акындар, чыгармачыл айтуучулар бул сюжеттерди өздөрүнүн алымча, кошумчалары менен ырдап, эл арасына жайылткан. Ошентип, варианттары пайда болгон. Атап айтсак, “Шахнаме”, “Тотунама”, “Тахир, Зухра”, “Лайли, Мажнун”, “Жусуп, Зулайха”, “Фархад, Ширин”, “Боз жигит”, “Кыз Дарыйка”, “Шакир, Шакират”, “Барсиза Шайык”, “Сал-сал”, “Жум-жума”, “Сейфулмалик”, “Икая Балгам”. Аталган чыгармалардын бардыгы эле кыргыз фольклорунан терең орун алган деп айтууга болбойт. Айрым чыгармалар эл арасына айтылып жүргөндүгү жөнүндө гана маалымат бар. Кээ бирлери башка түрк тилдүү элдерге кеңири тарап, фольклорунан орун алганы менен кыргыздарда такыр кезикпейт. Же болбосо “Кыз Дарыйка” поэмасы кыргыздарга өтө кеңири, улуттук өзгөчөлүктү сиңирип, төл чыгармага айланып кеткенин айтсак болот. Ошентип, чыгыш дастандары эпикалык жанрдын өсүш этабында күрдөөлдүү мезгилди түзүп, өзүнө таандык тематикалык, сюжеттик, стилдик өзгөчөлүккө ээ. Белгилүү даражада түрк элдеринин оозеки чыгармачылыгынын, жазма адабиятынын өсүшүнө таасирин тийгизген. Алар оозеки чыгармачылыгынын, эпикалык традицияны улантып, көбүнесе эски фольклордук мазмундун, образдын нугунда түзүлгөндүгүнө карабастан, каармандарды мүнөздөө, окуяларды баяндоо жана тилдик жагынан өзгөчөлүккө ээ. Ошондуктан, муну кыргыз улуттук эпикалык жанрынын өсүшүндөгү өзгөчө бир салаа катарында кароо абзел.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]