Чыймылова, Бүбүкан

Википедия дан

Чыймылова Бүбүкан (1930-ж. т., Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы) — тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1978).
1951-ж. КМПИни бүткөн.
1951-52-ж. Кыргыз кыз-келиндер институтунда иштеген.
1952—53-ж. комсомолдун Бишкек шааркомунун 2-катчысы.
1953—55-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунда кенже илимий кызматкер. 1955—59-ж. аспирант.
1959—62-ж. Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда кенже, улук илимий кызматкер. 1988-жылдан ушул эле институтта башкы илимий кызматкер.
Чыймылованын эмгектери Кыргызстанда өнөр жайдын өнүгүш тарыхына жана социалдык мелдешке арналган. 70тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография, анын бешөө авторлош) автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.