Чындык

Wikipedia дан

Чындык аң-сезимден сырткары жана ага көз каранды болбой жашаган объективдүү реалдуулукту адекваттуу (туура) чагылдырган, анын маани-маңызына дал келген билим. Адекваттуулук деп аң-сезимдеги образдын объектке дал келүүсүн аташат. Чындык объективдүү жана субъективдүү жактарга ээ. Чындыктын субъективдүүлүгү анын адамдын аң-сезиминде жашагандыгы жана анын ачылуу даражасы адамдын өнүгүү деңгээлинен көз каранды экендиги менен түшүндүрүлөт. Чындык аң-сезимден тышкары жана ага көз каранды болбой жашаган объективдүү предметтерге таандык мазмунду чагылдыргандыктан, ал объективдүү мүнөзгө да ээ. Чындыкты төмөнкүдөй өңүттөрдө кароого болот: Болмуштук өңүт – бул өңүт Чындыктын объективдүү жагын түзөт. Аксиологиялык өңүт – Чындык «акыйкат», «адилеттик», «калетсиздик», «туура» ж. б. түшүнүктөр менен тыгыз байланышкан. Праксеологиялык өңүт – практиканын компоненти жана адамдын практикалык иш-аракеттерин уюштуруу программасы болуу менен чындык жаратуучулук, түзүүчүлүк мүнөзгө ээ. Чындыктын объективдүү мүнөзү анын индивидден да, коомдук топтордон да, ал тургай убакыттан да көз каранды эместигин шарттайт. Чындык коомдук таптардан өйдө турат, алардан жана тарыхый шарттардан көз каранды эмес. Ошол эле учурда Чындыктын объективдүү мүнөзү анын конкреттүүлүгүн шарттайт. Чындыктын конкреттүүлүгү анын тигил же бул кубулуштарга таандык байланыштар менен алакалардан, алар калыптанган шарттардан, орундан жана убакыттан көз карандылыгын түшүндүрөт. Абстракттуу чындык болбойт, чындык дайыма конкреттүү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9