Чыныбек Алиев

Википедия дан
Алиев Чыныбек Тукешович
Портрет
Туулган датасы:

15 -январь 1961(1961-01-15)

Туулган жери:

Кыргыз республикасы, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Төрт-Көл айылы

Өлгөн датасы:

5 -май 2005(2005-05-05) (44 жаш)

Алиев Чыныбек Тукешович (15. 1. 1961, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Төрткүл айылы -2004, Бишкек) - милициянын генерал-майору Бишкек финансы-экономика техникумун (1978), КМУнун юридика факультетин (1991) бүткөн. 1978-91-ж. Тоң райаткомунда текшерүүчү, экономист, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө инспектор, улук оперуполномочен, кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниги, 1991-95-ж. ИИМдин Региондор аралык башкармалыгында улук оперуполномочен, 2-бөлүмдүн начальниги, экономикалык кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгында 3-бөлүмдүн начальниги, 19952004-ж. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкы башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Кыргыз Республиканын ИИМинин Даңк мемориалына ысмы жазылган. «Эрдик» ж. б. медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]