Чытты, ашуу

Википедия дан

Чытты ашуусу - Батыш Теңир-Тоодо, Фергана тоо тизмегинде, Чытты (Жазынын оң куймасы) жана Бычан (Ала-Буканын башы) сууларынын башталышынан орун алган. Бийиктиги 3572 м. Ашуу конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит тектеринен турат. Мойногу түзөң, капталдары анчалык тик эмес. Ашуу июнда ачылып, сентябрдын аягында жабылат. Бел аркылуу Фергана жана Арпа өрөөндөрүн байланыштырган автомобиль жолу курулат деген долбоор бар (2003). Мал чарбасында мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]