Чүрөктөр

Википедия дан

Чүрөктөр (querguedula) - өзөн өрдөктөрү уруусундагы майда куштардын тобу.

Тумшугу кичине, буттары кыска, манжасында жука жаргакчасы бар. Салмагы 0,5 кгга жетет. Агын суулардын көлмөлүү жерлерин, көлчүктөрүн өлөн чөптүу, камыштуу, бадалдуу жээктерин мекендейт. КМШ өлкөлөрүндө 4 түрү (боз ала Чүрөктөр, тырсылдак Чүрөктөр, чыйпылдак Чүрөктөр жана коркулдак Чүрөктөр) бар. Кыргызстанда жазгы жана күзгү өткүн учурда көп болот. Ысык-Көлдө, Соң-Көлдө уялашат. Уясын көмүскө жерге салат. 8-15 жумуртка тууп, ургаачысы 20-24 күн басат, көбүнчө суудагы түрдуү балырлар, чөп, алардын уруктарын жейт. Ага аңчылык кылынат. 6 түрү ТКЭСтин Кызыл Китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4