Шаарлардын аты

Википедия дан

Шаарлардын атыкыргыз оюну.

Оюн тегиз жерде, спорт аянтчасында, залда ойнолот. Оюнга 11-17 жаштагы 20-25 оюнчу катышат. Оюнга калыс шайланат. Ал оюнчуларды эки жаатка бөлүп, катарга тургузат. Эки жааттан бирден оюнчуну ортого чакырат. Аларга төмөнкүдөй шарт коюлат: ар бири алтыдан кадам басып, кадамдаган сайын баш тамгасы бир тамга менен башталган алты шаардын атын атоолору керек. Мисалы, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Караганда, Кара-Көл, Кант. Шаарлардын атын такалбай тапкан оюнчуга 1 упай берилет. Андан кийин кезектеги эки оюнчу оюнду улантат. Ошентип, оюн ушул тртипте улантыла берет. Оюндун акырында кайсы жааттын упайы көп болсо ошол жаат утат.

Маалымат булагы: Токторбаев С. Өспүрүмдөр оюндары.