Шалбаачылык

Википедия дан

Шалбаачылык - өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн бир тармагы, табигый жана эгилме чабынды менен жайыттан тоют даярдоонун теориялык негизин иштеп чыгуучу илим.

Шалбаачылыктын негизги продукциясы - чөп, сенаж, жашыл тоют. КМШ өлкөлөрүндө тоют шалбаадан башка саздак жер, талаа, чөлдөн да даярдалып, Шалбаачылык туруктуу тоют базасын түзүүдө маанилүү роль ойнойт. Шалбаачылыктын негизги милдети - табигый тоютка жарамдуу жерди жакшыртуу, түшүмдүүлүгүн арттыруу, эгилме чабынды жана жайыт түзүү, натыйжалуу пайдалануу. Шалбаачылык талаачылык жана мал чарбачылыгына тыгыз байланыштуу. Шалбаачылыкиштери шалбааны жакшыртуу, бадал жана таштан тазалоо; суу режимин жөнгө салуу, такыр жерге чөп сээп, аны азыктандыруу жана кайтадан айдап, дан жана чанактуу өсүмдүктөрдү себүү жолу менен жүргүзүлөт. Шалбаачылык Австралия, АКШ, Улуу Британияда, КМШ өлкөлөрүндө, а. и. Кыргызстанда жакшы өнүккөн. Кыргызстанда Шалбаачылык боюнча илимий изилдөөнү Кыргызстан жайыт жана тоют технология ИИИде жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4