Шамшиев Уранбек Абдразакович

Википедия дан

Шамшиев Уранбек Абдразакович (1960-ж. т., Фрунзе ш.) - милициянын генерал-майору (2009). КАЧИни (1988), КМУУну (1996) бүтүргөн.

«Динамо» спорт борборунда дене тарбиялык даярдоо жана спорттук иштер бөлүмдө улук инспектор (1992-94), КР ИИМдин экон. кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүндө оперуполномочен, улук оперуполномочен (1994-2001), КР ИИМдин мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүндө опер уполномочен, финансы жана фискалдык кызмат жаатында кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдун начальниги, коррупция жана контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги, жогорку технология жаатында укук бузуулар менен күрөшүү бөлүмүнүн начальниги (2001-04), КМШ аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка түрлөрүнө каршы күрөштө координациялоо бюросунда КР ИИМ Укуктук камсыз кылуу жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын өкүлү (2004-06), ошол эле жерде директордун орун басары (200612) болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4