Шер чымындар

Википедия дан

Шер чымындар (Asilidae) - курт-кумурскалардын түз жиктүү, кыска муруттуу кош канаттуулар түркүмүнүн тукуму.

Эң ири чымындар, уз. 50 ммге жетет. 5500дөн ашык түрү кеңири тараган. КМШ өлкөлөрүндө 600дөй түрү көбүнчө талаа жана чөл зонасында кезигет. Жырткычтар, азыгын учуп баратып кармайт, жөргөмүш, кенелер, кээде аарыларды да жейт. Личинкалары да жырткычтар. Шер чымындар коңуздар менен чегирткелер ж. б. курт-кумурскалардын санын жөнгө салып турат. Бир түрү КМШнын Кызыл китепке (СССРдин) катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4