Шестерня

Википедия дан

Шестерня, тиштүү дөңгөлөк цилиндр же конус түрүндөгү тиштүү алкак; тиштүү кыймыл өткөргүчтүн негизги тетиги.

Цилиндрлүү Шестернянын тиштери тышында же ичинде болушу мүмкүн. Тиштин формасы тик бурама сыяктуу, бурчтуу жана ийри түрдө болот. Тиштин түспөлү көбүнчө эвольвента, кээде циклоида боюнча жасалат. Шестернянын констрсы анын аткаруучу ишине, өлчөмүнө жана жасоо ыкмасына жараша аныкталат. Шестерняны жасоодо негизги колонулуучу материалдар: легирленген болот, чоюн, пластмасса (текстолит, полиформальдегид ж. б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4