Шилекей бөлүп чыгаруу

Википедия дан

Шилекей бөлүп чыгаруу — шилекейдин ооз көңдөйүнө рефлекс жолу менен эрксиз чыгуусу; тамак сиңирүүнүн башталышы. Шилекей бөлүп чыгаруу чайноо процесси, тамактын физикалык жана химиялык өзгөчөлүгү менен байланыштуу. Тамактын касиеттери жөнүндөгү информация сезгич нервдер аркылуу сүйрү мээдеги Шилекей бөлүп чыгаруу борборуна жетип, андан ал шилекей бездерине берилет. Шилекейдин илээшкектиги, андагы органикалык жана органикалык эмес заттардын өлчөмү, тамактын мүнөзүнө жараша болот. Тамак жөнүндө ойлогондо же тамактын жыты келгенде да шилекей чыгат. Орто эсеп менен суткасына 1000—1500 мл бөлүнөт. Шилекей тамакты ферменттердин (птиалин, Мальтаза жана башкалар) жардамы менен ажыратат. Шилекей бөлүп чыгаруунун бузулуусу тамак сиңирүүгө терс таасирин тийгизет. Шилекей көңүл айланып, куску келгенде, үч ача нервдин невралгиясында, стөматитте, кээде кош бойлуулукта көп, кант диабетинде, баш келте, ич келтеде аз чыгат.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8