Шоорук

Википедия дан

Шоорук"Манас" эпосунун каарманы, Оогандын каны, Акылайдын атасы, Манастын кайын атасы. "Манас" эпосунун негизги варианттарында Оогандын каны Ш. Манас менен согушуп жеңилип, кызы Акылайды тартууга бериши өзүнчө эпизод катары баяндалат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Ш. к. Маймун (Маймене) калаасында жашаган калча-тажик деген тоолук тажиктердин, башкача айтканда бадакшандык элдин падышасы. Манастан кем калбаган колбашчы, баатыр катары сүрөттөлөт. Анын эрдиги даңазаланат, баатырдык сапаты урматталат. Менменсинген Ш. к. жаңы көчүп келген Манастын элин чаап алууга, колун топтоп аттанып чыгат. Ш. к-дын Манаска каршы чыгуусуна негизги себеп: " Алтайга батпай тентип келген Манас жеримди тарытып жиберди" деген куру намыс. Урушта жеңилип, өзү колго түшөт. Ш. к. Акылайды Манаска тартуулайт. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча Ш. к. атактуу кандардан. Бакай Манаска кеңеш берип Ш-ту чаап алууга аттанып чыгышат. Бакай баш болгон аскер Ш. к-дын шаарын чабат. Бакайдын тапшыруусу менен Ажыбай менен Ш. к-га элчиликке барганда ал багынганын билдирип кызы Акылайды тартууга берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4