Шоу Жорж Бернард

Википедия дан

Шоу Жорж Бернард (26. 7. 1856, Дублин - 2. 11. 1950, Эйот-Сент-Лоренс) - англис драматургу.

«Фабий коомун» уюштургандардан. Чыглыгын роман жазуудан баштаган. «Ойлонбой үйлөнүү (1880), «Артисттин сүйүүсү» (1881), «Сыйышпаган социалист» (1883) романдары, «Жесирдин үйлөрү» (1892), «Уоррен айымдын кесиби (1894), «Алма жүктөлгөн араба» (1929) драмалары, «Цезарь менен Клеопатра» (1901), «Андрокл жана арстан» (1913), «Пигмалион» (1913 - кыргызчасын 1988, 3. Бектенов которгон), «Ыйык Иоанна» (1923) пьесалары, ошондой эле музыка жана театр жөнүндө сын макалалары бар. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. Нобель сыйл. лауреаты (1925).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4