Шырдакбек чеби

Википедия дан

Шырдакбек чеби - Борбордук Теңир-Тоодогу Алабуга суусунун оң өйүзүндө (Ак-Талаа району) жайгашкан. 10 – 13-кылымга таандык. Аталышын 18-кылымдагы баатыр Шырдакбектин ысымы менен байланыштырышат. Бул чепти 1945-ж. А. Н. Бернштам изилдеп, отурукташкан үлгүдөгү бир нече турак-жай комплексинин орун алгандыгын аныктаган:

  • 1. Шырдакбек чеби;
  • 2. чептин түштүгүндө жайгашкан төрткүл;
  • 3. төрткүлдүн түштүгүндө жайгашкан тепе;
  • 4. чептен 1 км аралыкта жарым-жартылай сакталган шаар чалдыбары.

Чеп төрт чарчы формада салынган. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 6 мге че-йин жетип, баксадан курулган. Чептин дубалдары, бурчтары, эшиктери мунаралар менен бекемделген. Мунаралардын боорунда жаа атуу үчүн тешиктер жасалган жана чепти айланта туурасы 20 мдей аң казылган. Шырдакбек чеби Фергана кырка тоосу аркылуу Өзгөн тараптан каттаган байыркы кербен жолунун боюнда жайгашкан. А. Н. Бернштамдын пикири б-ча бул жерде түрк башкаруучу төбөлдөрүнүн чеп-байтактысы орун алып, анын айланасына Ферганадан көчүп келгендердин турак-жайлары жайгашкан. Шырдакбек комплекси соода жолунун боюнда жайгашып, ал жерден орто кылымдарда Жамандабан аркылуу Арпа өрөөнүнө, Байбиче-Тоо жана Калкабар аркылуу Атбашы өрөөнүнө чыгууга, дагы башка жолдор м-н Кочкор өрөөнү, андан ары Ысык-Көл жана Чүй өрөөндөрүнө жетүүгө мүмкүн болгон. Шырдакбек чеби А. Н. Бернштам Н. П. Кожемяко, М. И. Москалёв изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек,2003, 437-б. ISBN 5-89750-150-5
  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.