Ызгыт (куш)

Википедия дан

Ызгыт (куш) - (vanellue) - маарактар тукумундагы куш.

Дене уз. 30 смге, салм. 200 гга жетет, башы, мойну, жемсөөсү кара, төшү, боор жагы ак, жону каралжын күрөң, төбөсүндө узун, ичке таажысы бар. Канаты жазы дунгул, тумшугу кыска, шыйрагы узун.

4 түрү Евразияда, КМШ өлкөлөрүндө таралган. Кыргызстанда келгин куш, көбүнчө топтошуп, чөптүү жана саздуу жерлерде, ачык талаада, жайлоолордо уялашат. Негизинен курт-кумурскалар, моллюскалар, өсүмдүк уругу менен азыктанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4